Ош шаардык жылуулук камсыздоо ишканасы: "Быйыл 109 батир жылуулук камсыздоо системине кошулду"

Ош шаарында быйыл 109 батир жылуулук камсыздоо системине кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Ош шаардык жылуулук камсыздоо ишканасынын башчысы Беделбай Кадырбердиев билдирди.
"Калкты жылуулук менен камсыздоо аракеттери көрүлүп жатат. 2016-жылдын ичинде 29 жеке менчик турак үйдү жылуулук системине туташтырдык. Мындан сырткары көп кабаттуу үйлөрдүн 80 батири кошулду. Кышка даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук өткөрүүчү куурлар алмаштырылды. Бүгүнкү күндө 74 откана калкты жана социалдык объектилерди жылуулук энергиясы менен камсыздап жатат", - деди Кадырбердиев.
Маалыматка ылайык, жылуулук ишканасы 289 көп кабаттуу жана 106 жеке менчик үйдү, ошондой эле 84 мекеме-ишкананы жылуулук менен камсыздайт. 21-октябрда Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында вице-мэр Асылбек Топчубаев таптакыр жылуулук системи жок 10 көп кабаттуу үй жылуулук менен камсыздалганын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан