Лондондо трамвай рельстен чыгып кетип, 7 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ жергиликтүү убакыт менен саат 06:10 чамасында Кройдон районунда орун алган. Жүрүп бараткан трамвай аңтарылып кетип, 50 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага түшкөн. Ал эми оор жаракаттардан улам 7 адам каза болуп калган.
"Трамвайдын айдоочусу камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал трамвайды башкарып баратып уктап кеткен болушу мүмкүн. Учурда бул версия текшерилип жатат. Иликтөө иштеринин алкагында трамвай уруксат берилген ылдамдыктан жогору ылдамдыкта келатканы аныкталган. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.