Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дале курттаган унду сатууда

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дале курттаган унду сатууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов билдирди.

Анын айтымында, ноябрдын башында Бишкектеги №97-училищедеги Материалдык резервдер фондунан жаңы алынып келген ун текшерүүгө алынган.

Биз мындан бир ай мурун Бишкектеги №5-училищеге барганбыз. Анда курттаган ундар табылган болчу. Кийин бул боюнча өкмөт башчынын алдында мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия “таратылган курттаган ундар кайра алынып, утилизация кылынсын” деп чечим чыгарган, бирок талап аткарылган эмес. №97-училищедеги 2 тонна курттаган ун кайра алынып, кийин башкасын алып келишкен, бирок андан да курт чыккан”, - деди Турускулов.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-ноябрда курттаган ундар сатылып жатканын тастыктап, ага тиешелүү чара көрүлөрүн билдирген. Бирок депутат тарабынан коюлган дооматтарды Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчиси Жоомарт Жумабеков төгүндөп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан