Бишкектеги №6-гимназияда "Терроризмге каршы күрөшүү" деп аталган машыгуу болду
Окуучулар терроризмге каршы күрөшүү тууралуу адабияттар менен таанышышты
Окуучулар терроризмге каршы күрөшүү тууралуу адабияттар менен таанышышты
“Терроризмге каршы күрөшүү” аттуу машыгуунун жүрүшү
“Терроризмге каршы күрөшүү” аттуу машыгуунун жүрүшү
Окуучуларды эвакуация жолу менен имараттан алып чыгуу ыкмаларын көрсөтүлдү
Машыгууга тийиштүү кызматтын өкүлдөрү катышты
Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарындагы №6-гимназияда “Терроризмге
каршы күрөшүү” деп аталган машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз
кызматы билдирди. Мындай иш-чара аталган министрликтин Бишкек шаардык
башкармалыгы тарабынан демилгеленип, шаардын башка мектептеринде жана өлкөнүн ар кайсы
аймактарында уюштуруу пландалууда. Машыгуунун максаты - ар кандай коопсуздук
жараткан учурларда ыкчамдык менен абалдан чыгуунун жолдорун окуучуларга көрсөтүү. Анда шаардын
өрт өчүрүү, милиция, медицина жана коопсуздук кызматкерлери келишип,
гимназиянын окуучуларын эвакуация жолу менен имараттан алып чыгуу ыкмаларын
үйрөтүштү.