Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Сайдулла, Нургазы колотунда сел тосуучу тосмо салынып бүтүп, сел өтүүчү канал курулуп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов билдирди.
Бекиловдун айтымында, Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылындагы Нургазы жана Сайдулла колотторунун узундугу болжол менен 4 миң метрди түзөт. Жаңы-Арык айылы адыр боорлоп жайгашкандыктан, жыл сайын жааган жамгырдан тургундар жапа чегип келишкен. Мындан тышкары 2012-жылы катуу жааган жамгырдын кесепетинен 25 айыл тургунунун турак жайларын, 4 короо-сарайды, 55 гектар эгин талааларын сел каптап, шагыл-кум толуп, көптөгөн материалдык зыяндарды алып келген. Жаңы-Арык айылынын 60 кожолуктун турак жайларына, 4 короо-сарайга жана 50 гектардан ашык айыл чарба жерлерине сел каптоо коркунучу жаралууда.
"Аталган жерлерде сел жүрүү коркунучун алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" долбоору 2016-жылдын иш планына киргизилип, азыркы күндө Нургазы колотуна узундугу 55 метр, туурасы 8 метр, бийиктиги 8,5 метр сел кармоочу тосмо курулду. Мындан тышкары Сайдулла колотуна узундугу 48 метр, туурасы 14 метр, бийиктиги 9 метр сел кармоочу тосмо ӨКМ тарабынан курулуп бүткөрүлдү. Аталган эки сел кармоочу тосмого кошумча сел өткөрүүчү каналдын курулуш иштери башталды", - деди А.Бекилов.
Бүгүнкү күндө Шайдан айыл аймагы тарабынан акча каражаты бөлүнүп, сел өткөрүүчү каналды куруу иштери башталганы маалым болду.