Нурсултан Назарбаев Дональд Трампты Казакстанга чакырды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трампты куттуктап, ага телеграмма жөнөттү. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин башкарууңузда АКШ бүткүл дүйнөдөгү туруктуулукту, коопсуздукту жана өсүп-өнүгүүнү колдоо маселелеринде таяныч бойдон каларына ишенем», - деп айтылат телеграммада.

Назарбаев Казакстандын 2017-2018-жылдардагы БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруксуз мүчөлүгү эки тараптуу өнөктөштүктүн маанилүү учуру болуп калат деген ишенимин билдирди.

«Биз Коопсуздук кеңешинин ишине олуттуу салым кошууга жана АКШ менен бардык актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даярбыз», - деп жазылган казак президентинин телеграммасында. Соңунда Назарбаев Дональд Трампка ийгилик каалап, аны Казакстанга чакырды.

Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп АКШ президентин шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы биринчи айым жана экс-мамкатчы Хиллари Клинтонду жеңип, мамлекет башчысы болуп шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан