Ысык-Көлдөн мыйзамсыз балык кармап саткандар 480 миң сом чыгым алып келишкен

Ысык-Көл облусунда көлдөн мыйзамсыз балык кармап саткандар 480 миң сом чыгым алып келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Элебесов билдирди.

"Ысык-Көлдөн мыйзамсыз 238 даана балык кармап, көчөдө унаа менен сатып жүргөн эки адам кармалып, аларды Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп бергенбиз. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүүдө. Балык менен кармалгандардын иши азырынча сотко өткөрүлө элек. Ал эми кармалган балыктарды жергиликтүү дүкөндөрдүн бирине муздаткычка сактоого койгонбуз", - деп билдирди Элебесов.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Түп районунун тургундары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан