АКШда президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Барак Обама менен жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Трамп президент менен Ак үйдө жолугушуу ал үчүн сыймык экенин белгилеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө президенттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүү болгону маалымдалат. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Обама республикачыл Трампка бийликти жакшы шартта өткөрүп берүүнү убадалаганын билдирген.
Ал эми Трамптын аялы Меланья миллиардерди коштоп келип, АКШнын учурдагы биринчи айымы Мишель Обама менен жолуккан. Ошондой эле Трамптын штабы журналисттерди ага жакын жолотпой жатышканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, буга чейин Барак Обама демократчыл Хиллари Клинтонду колдоорун билдирип, Трамп экөө бири-бирин кескин сындоого чейин барышкан.
Жаңы президенттин инаугурациясы 2017-жылы 20-январда өтөт.