Экономика министрлиги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иш кагаздарын апрелдин аягына чейин кабыл алып, аны Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев бүгүн 19-апрелде өкмөттүн бизнес-биргелештиги боюнча пландарды жана программаларды талкуулоо жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда академиялык бирикмелер, илимий топтор жана бизнес-бирикмелер, көз карандысыз серепчилер, кеңешчилер арасында тегерек столдор уюштурулуп жатат. Министрдин кеңешчиси Любовь Тен: “Бардык систем мамлекеттик деңгээлде техникалык же башка болобу, кардарларга талаптарга жараша кызмат көрсөтүүлөрү шарт. Калктын жашоо шарты үчүн системдердин сапаттуу тейлөөсү өтө актуалдуу нерсе”,- деген ойду айтты.