SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар бай жигиттерге турмушка чыккысы келишет, ал эми чөнтөгү жукалар эмне болот?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"21-кылым деген ушу экен да. Кыздар турмушка чыкпай эле үйлөнүп башташканбы?"
"Үйлөнгөнгө чейин калп эле бай көрүнгөнгө аракет кылыш керек. Үйлөнүп алгандан кийин төбөсүнө эки жолу коюп жашай бересиң".
"Жигиттер деле чөнтөгү калың же байдын кызына үйлөнгүсү келишет. Кээ бир колунда жок жигиттер айла жок өзүнө окшошко үйлөнүшөт".
"Мен байлыгына караган эмесмин, карабаймын дагы. Биздин ата-энелер деле үй-бүлөлүк жашоосун биргеликте, эч нерсеси жок башташкан. Эң башкысы, мүнөзү жакшы болсо, катуу сүйлөбөсө, урушпаса, сыйлап турса, ортодо сүйүү болсо болду".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.