Борбор шаарга курула баштаган муниципалдык коомдук ажатканалар бекер болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
"Коомдук ажатканалар бекер болбойт, акысы азырынча так коюла элек. Акы өлчөмүн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги коюп берет. Кирүү акысы эң минималдуу, 1 же 3 сом болушу ыктымал. Ишке берилген ажаткананын да акысы тактала элек. Андан түшкөн каражат кайра эле ажаткананын өзүнө, тазалыгына, аны караган кызматкердин айлык акысына жумшалат", - деп билдирди Алмамбетова.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагына 2017-жылы бир нече ажаткана куруу пландалууда.