Японияда бир адам өлүм жазасына тартылганын чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 11-ноябрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өлүм жазасына тартылган Кэнъити Тадзири уурулук жасоо үчүн эки адамды өлтүргөн.
“Учурда 130га жакын адам өлүм жазасын күтүп жатат. Япониянын мыйзамы боюнча, соттолгон адам бир нече жылдан кийин гана өлүм жазасына тартылат. Эл аралык укук коргоо органдары мындай ыкманы гумансыз деп атап, аны жокко чыгаруу сунушун берип келишет. Соттолгон адам өлүм жазасын жылдар бою абакта күтүп жата берет. Жазага качан тартыларын ошол күнү гана билишет. Өлүм жазасы дарга асуу аркылуу ишке ашат. Сурамжылоодо мындай ыкманы жарандардын 85 пайызы колдой турганын билдиришкен”, - деп айтылат маалыматта.
Японияда 2012-жылдан бери 17 адам өлүм жазасына тартылган.