Бишкектеги Жаштар аллеясында 22-апрель күнү “Жол кырсыгы” аттуу акция өтөт. Маалым болгондой, иш-чара саат 10:00дө уюштурулат. “Кыргыз Эл Баатырлары” кыймылынын жаш активисттери “Унаалардын кагылышуусу” аттуу спектакль коюшат. Бул иш-чара аркылуу айдоочуларды жана жөө жүрүүчүлөрдү этияттыкка чакыруу менен жол кырсыгын азайта алабыз",- дешет иш-чаранын катышуучулары.