Президент Алмазбек Атамбаев 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө бир катар жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, өкмөттүн жаңы курамы дайындалды.
Сооронбай Жээнбеков - премьер-министр
Мухаммедкалый Абылгазиев - биринчи вице-премьер-министр
Чолпон Султанбекова - социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр
Олег Панкратов - экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр
Жеңиш Разаков - чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр
Акылбек Осмоналиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси
Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри
Улан Исраилов - ички иштер министри
Уран Ахметов - юстиция министри
Адылбек Касымалиев - каржы министри
Арзыбек Кожошев - экономика министри
Нурбек Мурашев - айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри
Жамшитбек Калилов - транспорт жана жолдор министри
Кубатбек Боронов - өзгөчө кырдаалдар министри
Гүлмира Кудайбердиева - билим берүү жана илим министри
Талантбек Батыралиев - саламаттык сактоо министри
Түгөлбай Казаков - маданият, маалымат жана туризм министри
Таалайкүл Исакунова - эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри
Абдил Сегизбаев - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Дүйшөнбек Зилалиев - өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы
Бакыт Шаршембиев - маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы