Бүгүн, 11-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз мамлекетинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга карата үгүт кампаниясы старт алды. Көпчүлүктүн көңүлүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо кызыктырып турганы анык. "Ата Мекен" партиясы борбор шаарда шайлоого ат салышуудан баш тартып, муну шайлоого катышуудан майнап чыкпасы менен түшүндүрдү. Ошентип, КСДП негизги атаандаштарынын биринен оңой кутулду. Ошондой эле "Замандаш" партиясы дагы шайлоого катышпай турганын жарыялаган. Бишкек шаардык кеңешине жалпы 14 партия катышууда. Үгүт кампаниясы башталары менен Бишкекке жаңылык кирди. Борбор калаада коомдук ажатканалар орнотула баштады, алгачкысы мэриянын маңдайына - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанына коюлду. Мэриянын шаардыктарга кам көрүүсү дал бүгүн жанданганы шайлоочуларга КСДПны эске салуу аракетиндей таасир калтырат. Эмне үчүн сентябрда же октябрда эмес, дал бүгүн? Мындай ажатканаларды шаардын 18 жерине орнотуу пландалып жатканы айтылды. Демек, ажатканалардын дал бүгүн ишке берилиши Албек Ибраимовдун шаардыктардын колдоосуна ээ болуп, ошонусу менен КСДПны жакшы көрсөткүсү келип жаткан аракети деп түшүнүүгө болот. Президент үй салып жаткан Кой-Таш айылындагы жер тилкеси боюнча Ибраимовго коомчулук тарабынан олуттуу айыптар коюлганына карабай азырынча анын мышыгын бирөө "пыш" дей элек. Бийликтин кол баласы болгону үчүн кол тийгизилбей жатабы? Башка саясатчыларга көп жыл мурунку эски иштер кайра ачылууда, ал эми мэрге байланыштуу Өмүрбек Текебаев жарыялаган фактыларга көңүл бурулган жок. Албек Ибраимов өзү берген маалыматта фактылар бири-бирине дал келбей жатканына да көңүл бурулбады. Башкы прокуратура Ибраимов "Дастан" ишканасына караштуу жер тилкесин сатып алып, кайра президент Атамбаевге сатуу ишинде мыйзам бузбаганын айтып чечим чыгарды. Башка бирөө болгондо, балким, эчак "Бакиевдин жакын санаалашы, эл душманы" аталып бүт өлкөгө жар салынмак, камалышы ыктымал эле. Мындай камкордукка мэр да жооп кайтарышы керек, даараткана куруп болсо да.
Жакында АКШда өткөн президенттик шайлоого айрым эксперттер жана саясатчылар "эң ыплас шайлоо" деген баа беришти. Талапкерлер Дональд Трамп менен Хиллари Клинтондун бири-бирине каршы даярдаган компроматтарын дүйнө көрдү, атаандаштан алдыга чыгуу үчүн бири-бирине катуу чабуул жасашты. Ал эми атаандаштарды жамандоо, буттан чалуу жагынан кыргыз саясатчылары америкалыктарды артка калтырат. Демек, бир ай ичинде шайлоого катышкан партиялардын компроматтарды ачыкка чыгарарын күтсөк болот. Жергиликтүү кеңешке шайлоо менен бирге Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүлөрү маалым. 2016-жылдын 11-декабрында 397 айылдык жана 22 шаардык кеңеште шайлоо болот. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, алдыдагы шайлоодо жарандар ID-карта жана андагы көрсөтүлгөн дарек боюнча гана шайлоого болору маалымдалды. Бир катар эксперттер референдум менен шайлоону бир күндө өткөрүү алешемдиктерди пайда кылыш мүмкүндүгүн эскертип келишүүдө. Бир шайлоо участкасында эки урна коюлуп, депутат шайлоо боюнча бюллетень өзүнчө, референдум бюллетени өзүнчө урнага салынат. Шайлоонун таза өтөрүнөн үмүт кылуу гана керек, ал эми референдум баары бир өтөт...