Президент Алмазбек Атамбаевдин 11-ноябрдагы жарлыгы менен 4 чиновник кызматтан бошотулду. Алар жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына кирбей калган жетекчилер.
Замирбек Айдаров транспорт жана жол министринин милдетин аткаруудан, Жылдыз Мамбеталиева юстиция министринин милдетин аткаруудан, Турдуназир Бекбоев айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министринин милдетин аткаруудан, Кашкар Жунушалиев ички иштер министринин милдетин аткаруудан бошотулду.