2000-жылы 11-ноябрда Альпы тоолорунун Капрун аймагындагы курортто фуникулёрдо (рельстик транспорт каражаты) өрт чыгып, 155 адам курман болгон. Өрт чыккан фуникулёрго ага чейин күнүнө 1000ден ашуун адам түшүп турган. Аталган поезд 1974-жылы ачылган. 1993-жылдан тартып анын вагондорунда текшерүүчүлөр үчүн кабиналык жылыткычтар орнотулган. 11-ноябрда 161 жүргүнчүнү салып бараткан поезд тоннелге кирген соң 600 метр аралыкты басып өтүп, күтүүсүздөн токтоп калган. Анын ичиндеги 120 литрлик тез тутануучу май төгүлүп, жылыткычка тийип, текшерүүчүнүн арткы кабинасы жана пластик полу күйүп кеткен. Поезддин ичиндеги 12 адам айнектерди лыжанын таякчалары менен уруп талкалап, эшикке чыгып аман калышкан. Калган 155 адам газга ууланып каза тапкан.
11-ноябрга карата жылнаама.