Бишкектеги "Дыйкан" базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу Гуля Курамаева билдирди.
"Биз базардын жабылышына каршылыгыбызды билдирип, Ак үйдүн алдына митингге чыктык. Жалпысынан 250 адам чогулган болчу. Биздин талапты угуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Ленин районунун акиминин орун басары келди. Депутат биздин талабыбызды колдоду", - дейт Курамаева.
"Базарды жапканга эч кандай негиз жок. Эгерде базарды жабууга аракеттенгендер мыйзамды бузуп зомбулук көрсөтүшсө, анда ал көпкө узабайт. Андай болсо мен силер менен бирге чогуу күрөшөм", - деген Рыскелди Момбеков митингдин жүрүшүндө.
Эске салсак, буга чейин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев санитардык талапка жооп бербеген "Дыйкан" базары 10-ноябрда жабылат деп билдирген.
Ал эми Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматына байланышканыбызда бүгүн текшерүү иштерин жүргүзүп, бирок азырынча жыйынтык чыга электигин билдиришти.