ЖЫЛНААМА, 12-НОЯБРЬ: Советтик актриса жана ырчы Людмила Гурченко тирүү болгондо 81 жашка чыкмак

Cоветтик актриса жана эстрада ырчысы Людмила Гурченко 1935-жылы 12-ноябрда Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. 23-августта 1943-жылы Людмила 1-класска барып, 1944-жылы Бетховен атындагы музыкалык мектепке тапшырган. Он жылдык мектепти аяктаган соң Москвага келип, Сергей Герасимов жана Тамара Макарованын адистик мектебине тапшырып, дипломдук ишинде Теодор Драйзердин "Кето жана Котэ" композициясы тууралуу ишин жазып, аткарып берген.

1956-жылы Людмила Гурченко студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" аттуу музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Кино абдан чоң ийгиликке жетишип, актриса көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ошол убакта актриса акча каражаты жагынан кыйналып жаткан учуру болгондуктан, күйөрмандары чакырган ар бир кечеге баш тартуусуз бара берген. Актрисанын мындай иштери үчүн басылмаларда ар түрдүү ушактар жана негативдүү макалалар жарык көрө баштаган. Мындай көрүнүштөн кийин актрисаны тогуз жыл режиссёрлор киного тартылууга чакырышкан эмес. Актриса өзүнүн жанын багыш үчүн заводдорду, ар кайсы айылдарды жана башка жерлерди кыдырып, жатаканаларда жашап, концерт берип акча тапкан. Ал биринчи үйүн 30 жаштан өткөндө алган.
Людмила Гурченко убагында жаштардын кумири болгонго жетишкен. Гурченко музыкалык мектептен билим алгандыктан, ырды өзүнүн кереметине жеткирип ырдаган. 1960-жылдары актриса ар кандай кинолорго тартыла баштаган. "Карнавалдык түн" тасмасынан кийин эле "Гитарачан кыз" тасмасына тартылган. 1960-жылдын башында жана 1970-жылдын аягында Людмила Гурченко эл ичинде кеңири таанылган актриса катары эсептелинип, Орусиянын эң алдынкы актрисаларынын бири болгон. Ошону менен токтоп калбастан, дагы башка тасмаларга тартылуусун уланта берген. Актрисага комедиялык мелодрамаларга тартылууга сунуштар жаай баштаган. Комедиялардан тышкары актриса телевизиондук бенефистерге жана атайын музыкалык программаларга дайыма катышып турган. Гурченко башкалардан ачык мүнөзү, ички дүйнөсүнүн өзгөчө кенендиги менен айырмаланып турган. Актрисанын эң жакшы аткарган иштери деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" сыяктуу тасмалардагы образдар эсептелинет.
2011-жылы Гурченко үйүнүн жанынан жыгылып кетип, жамбашын сындырып алган. Кийинки күнү ооруканага жеткирилип, операция жасалган. 30-мартта актрисанын абалы оорлоп, операцияны көтөрө албай жүрөк оорусу күч алгандыгын доктурлар айтышкан. "Тез жардам" келип, актрисаны жандандыруу бөлүмүнө жеткирүүгө үлгүрбөй калышкан. 30-мартта саат 19:28де актриса 76 жашында каза тапкан. Бул тууралуу жолдошу Сергей Сенин билдирген. Актриса менен коштошуу кечеси 2-апрелде Москвадагы борбордук чыгармачыл адамдардын үйүндө болгон. Актриса Татьяна Шмыгая, Олег Янковский, Вячеслов Тихонов ж.б. белгилүү инсандардын жанына коюлган.
12-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан