Тажикстан: "Өлкөдө кырдаал көзөмөлдө, жарандардын жана өлкөнүн конокторунун коопсуздугуна коркунуч жок"

Ушул аптада АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандагы теракт ыктымалдыгы жөнүндө америкалыктарга эскертип, кыраакы болууга жана коомдук транспорт менен жүрбөөгө чакырган. Тажикстандын ИИМи өлкөдө кырдаал көзөмөлдө, өлкө жарандарынын жана конокторунун коопсуздугуна коркунуч жок экенин маалымдады.

"Укук коргоо органдары элдин тынчтыгын сактоо максатында дайыма даярдыкта турушат, кабатыр болууга негиз жок", - деп айтылат маалыматта. Америка Тажикстанга теракт коркунучу жөнүндө кандайдыр бир маалымат бербегендиги белгилүү болду.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШ менен Улуу Британиянын Бишкектеги элчиликтери билдирүү таратышкан. Билдирүүгө караганда, октябрь айында чет элдик дипломаттарга карата террордук чабуулдар жана аларды барымтага алуу фактылары болуп кетиши мүмкүн экени айтылган. Мындан улам жарандарын сак болууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого, коомдук жайларда коопсуздукту сактоого чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
souza.j
2016-11-12 13:43:03
Американын ХХХокшойт. Биздикилерде да ушундайлар барбы сыймыктана турган. Же ишкерлерди андуу менен чектелеби.
-2
admin_portal
2016-11-14 12:21:30
souza.j, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан