Кыргыз жаштары арыла албай келген адаттар

Коом түрдүү деңгээлдеги адамдардан турат. Ал эми ал адамдардын адаттары - коомдун күзгүсү. SUPER.KG порталы коомубуздагы, Бишкек шаарындагы жаштардын арыла албай келген айрым адаттарына токтолот. Бул адаттардан арылуу үчүн активисттер акция уюштуруп, коомго туура эмес көрүнүштөрдү туура жеткирүү аракетин көрүп келишет, бирок бул нерсе көп натыйжа бербей жатат. Андыктан көптөн бери айтылып, бирок аткарылбай келген долбоорлорду ишке киргизип, көчөлөрдүн баарына камералардын орнотулганы чоң пайда алып келмек. Себеби бул адат ээлерине административдик айып салуу менен аз да болсо бюджетке акча түшүрүп турмак. Бюджет толтуруу, элди жаман адаттан арылтуу менен катар шаардын тазалыгын сактоо жаңы деңгээлге чыкмак.

Көчөдө түкүрүү

Аялдама, коомдук жайлардан көп эле түкүрүк, какырык кездештирүү мүмкүн. Көңүл ирээнжиткен бул адат көбүнчө жаштарга мүнөздүү.

"Түкүрбө!" деген акциянын алкагында активисттер көптөгөн кагаздарды көчөлөргө чаптап чыгышты. SUPER.KG порталына акция уюштуруу идеясынын автору Куштар Мамыталиев билдиргендей, мындай демилгени жыл сайын көтөрүп туруу керек. "Тазалык боюнча жоопкерчиликти биз гана алган эмеспиз. Шаардын бардык тургундары тазалыкты сактоого, түкүрбөөгө аракет кылуусу керек. Акция өткөрүү менен элди түкүртпөй коё албайбыз, бирок долбоор кичине натыйжа берди. Мурун Бишкекте ыплас көрүнүштөрдөн улам басып жүрүү мүмкүн эмес эле", - дейт Куштар.

Челекке жетпеген таштандылар

Күн баткандан кийин базардын тегереги, кафелердин тегереги, сейил бактар таштанды астында калат: алдыдан чыккан желим бөтөлкөлөр менен пасташып, баштыктарды учуруп ойноо мүмкүн болуп калат. Бул көйгөй шаарда таштанды челектеринин аздыгынан улам келип чыкты дейин десең, издеген адам таштанды челегин табат. Бул көйгөй элдин шаарды таза кармоодо өз ролун аңдап түшүнбөгөнүнөн улам болуп жатат.

Күн сайын шаардын көчөлөрүн шыпырган "Тазалык" ишканасынын жумушчулары өзүнө тийиштүү аймакты 1 күн бою карап отура албайт. Алардын көчө шыпыра турган убактылары бар. Эл кыйма-чийме өтүп басып жүргөндө көчөнү чаңдатып шыпыра алышпайт. Андыктан "таштандыны челекке таштаңыз" деген жазууларга маани бербегендер аларды түшүнүү менен кабыл алуусу керек.

Эреже бузган айдоочу, унчукпаган жүргүнчү

Бишкекте маршруттук таксини жемелеп, урушпаган айдоочу, наалат айтпаган жүргүнчү аз болсо керек. Бирок жол эрежесин сактоодо элдин ролу өтө маанилүү. Айдоочу каршы тилкеге өтүп айдап баратса "көздөгөн жерге эрте жетет экенбиз" деген ойдо үн катпай отуруу туура эмес. Айдоочунун жол эрежесин сактоосун талап кылуу керек. Эреже демекчи, жүргүнчүлөр өз ыңгайларына жараша "жол чыракка жетпей токтоп коюңузчу", "кайрылыштан токтотуңуз..." деп сурануу менен айрым учурда айдоочуну эреже бузууга түртүшөт. Ошондой эле токтотууга болбой турган жерлерге турган шаар тургундары кол көтөрүп маршруттук таксини токтотушат.

Тапкан акчасын унаа ээсине кармата турган айдоочу акчага кызыгып, жүргүнчү аялдамага чейин баспаганына сүйүнүп, жол эрежесинин бузулуусуна алып келип жатышат.

Активисттер уруксат берилбеген жайда маршруттук такси күткөн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды аялдамага барууга чакырышкан. Бирок Патрулдук милициянын кызматкерлерин көргөндө гана эрежени эстеген айдоочулар элди кайрадан каалаган жайда күтүүгө үйрөтүп жатышат. Ошол себептүү шаарда маршруттук унааны жок кылуу демилгесин көтөрүп жаткандар арбып барат.

Отургучка буту менен чыгып алуу

Сейил бактарда отургучтарга айрымдардын буту менен чыгып алганын жолуктурса болот. Ошонун кесепетинен отургучтардын сынчу мөөнөтү жакындап да калат. Бул четтен караган адамдарга өөн учураса, жаштарды туура эмес ойлорго жетелеп жатат.

Айланадагылардын көз карашы, пикири менен эсептешпегендер менен элдин да иши жок болуп калууда. Тактап айтканда, анын туура эмес кылып жатканын айтчу адамдар аз.

Өз атын көрүнгөн жерге жазуу

Жаштар шаардын көркүн бузуп жатканын аңдабай, көрүнгөн жерге жазып кетишет. "11-б", "Айдана, мен сенсиз жашай албайм!", "Здесь были Ташмат, Эшмат" деген сыяктуу жазууларды жолуктурдуңуз беле? Жолуктурбасаңыз айта кетейин, мындай жазууларды коомдук жайлардан, эл ташыган коомдук унаалардан, эстеликтердин боорлорунан, дубалдардын боорлорунан көрүүгө болот.

Бул адатка ээ болгон колу "кычышкандар" көбүнчө өспүрүмдөр. Мектепте, коомдо аларга түшүндүрүү иштеринин жетишсиз болуп жатканынын кесепети.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
PatriotKG01
2016-11-14 21:13:34
Таалим тарбиянын баары ата-энеден башталат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан