Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болуп Дүйшөнбек Чоткараев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-ноябрда кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, буга чейин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болуп учурдагы ИИМдин жаңы башчысы Улан Исраилов иштеп келген.