КСДП фракциясы депутаттык кол тийбестик боюнча билдирүү жасады

Парламенттеги КСДП фракциясы депутаттык кол тийбестик маселесине карата билдирүү жасады. Билдирүүнүн мазмуну төмөндөгүчө: "КСДП фракциясы өзүнүн кезектеги жыйналышында укук коргоо органдары тарабынан айрым депутаттардын кармалышынын жана аларга каршы жазык иштеринин козголушунун тегерегинде чыгып жаткан маселелерди карап чыгып, өз көз карашын белгиледи. Фракция өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жазык жазасы каралган кылмыштардын фактылары боюнча аларга карата жазык иши козголгон КРнын Жогорку Кеңешинин бардык депутаттарынын депутаттык кол тийбестигин алып салууга макулдук берүүнү жактап чыгат жана жактап чыга бермекчи.Эгерде укук коргоо органдары бул үчүн орчундуу негиздерди берсе, азыркы укуктук кырдаалда Жогорку Кеңеште добуш берүү жолу менен депутатты кол тийбестигинен ажыратууга мүмкүн. Мындай практика “кол тийбестер тобунун” болуш салтын четтетүүгө жана сот адилеттиги тутумун реформалоого өбөлгө түзүүгө тийиш. Башка демократиялык мамлекеттердей эле Кыргызстанда кол тийбестикти кошуп алгандагы бардык парламенттик артыкчылыктар бул - депутаттардын жеке артыкчылыгы эмес, алардын көз карандысыздыгы үчүн каражат гана. Депутаттык артыкчылыктардын мазмуну айрым инсандарды сот адилеттигинен коргоо эмес, анын маңызы мыйзам чыгаруучу бийлик бутагынын кадыр-баркын, натыйжалуулугун жана көз карандысыздыгын сактоого багытталган. Ошондуктан укук коргоо органдары парламентчинин мыйзамсыз ишке тиешеси бар экендигин далилдесе, анда аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө маселе эч кандай шектенүүсүз эле көтөрүлүүгө тийиш". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан