Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чечими менен жыл сайын 13-ноябрда жер жүзүндө Эл аралык азиздер күнү белгиленет. Орусиянын Петербург шаарында жана Франциянын борбору Парижде азиздер үчүн мектептерди жана ишканаларды негиздеген франциялык педагог Валентин Гаюи 1745-жылы 13-ноябрда төрөлгөн. Ал атайын шрифт ойлоп таап, азиздерди окутуунун ыкмасын ишке ашырган. 1784-жылы Париж шаарында өкмөттүн жана кайрымдуулук коомдорунун колдоосусуз, өзүнүн үйүндө азиз балдар үчүн "Эмгекчил азиздердин чеберканасы" аттуу мектеп ачкан. Анын эң биринчи окуучусу Франсуа де Лезюер аттуу бала болгон. Андан соң аталган мектепке 11 окуучу тапшырган. Мындан улам Эл аралык азиздер күнү В.Гаюинин туулган күнүнүн урматына жыл сайын 13-ноябрда белгиленет.
13-ноябрга карата жылнаама.