Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнөн качып, издөөдө жүргөн Токмоктун 21 жаштагы тургуну Рамазан Ляхунов колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, изделип жүргөн Ляхунов бүгүн, 12-ноябрда саат 20:30 чамасында Токмок шаарынан кармалып, СИЗОго отургузулду. Ал эми аны качырып жиберген милиция кызматкерлерине карата чара көрүлмөкчү. Учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, "каракчылык" боюнча айыпталып кармалган Р.Ляхунов 11-ноябрда саат 17:00 чамасында милиция бөлүмүнөн качып кеткен.