ЖЫЛНААМА, 13-НОЯБРЬ: 3 жыл мурун шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан

2013-жылы 13-ноябрда Бишкекте шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан. 44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумган. Анын жансыз денеси шаардын Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен саат 19:00 чамасында табылган.

Маалыматтар боюнча, Б.Букаев 13-ноябрь күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок белгиленген убакытта ал жерге барган эмес. Мындан улам санаалаштарынын бири анын үйүнө барып, тамаданын жансыз денесин тапкан. Бакыт Букаевдин сөөгү 15-ноябрда Ысык-Көл облусунун Темир айылында жерге берилген.
13-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
simone
2016-11-13 13:49:00
Убакыт учкан куш экен
+1
kalima88
2016-11-13 13:50:01
Мыкты инсан эле, угуп алып аябай шок болгом.Убакыттын отконун, билинбей эле 3 жыл отуптур.
+1
chon.alai.
2016-11-13 15:18:22
бул кишини эми таанып жатам
-5
tashi62
2016-11-13 16:09:08
Убакыттын өткөнүн 3жыл болуп тез эле.
+1
Chopa2016
2016-11-13 17:25:43
Чын эле убакыт ото тез отуптур.мага былтыры болгондой сезилип жатат.АЛЛАХЫМ КУНООЛОРУН КЕЧИРСИН.
0
Aytur
2016-11-13 19:45:59
Куноолуну табыштыьы же жанагы озбекти кыйнап моюнга алдырып ишти жаап коюштубу?
-3
kalima88
2016-11-14 01:46:16
Биролорду кармашкан го, жазаларын отоп жатышкандыр.
+1
dayanochka
2016-11-14 16:48:35
Бейкуноо адамдарды камап койушкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан