2013-жылдын алгачкы 3 айында Талас облусунда 211 миллион 831,9 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Жаныбек Тургунбеков билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө Талас шаары, Талас, Кара-Буура райондору өсүү ыргагын кыйла жогорулата алса, Манас району менен Бакай-Ата району бул көрсөткүчтү өткөн жылдын деңгээлине жеткире алышкан эмес.