Ош шаарында медицина факультетинде окуган индиялык студенттер маркумду эскерүү митингине чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Зина Нуралиева билдирди.
"Индиялык студенттер Ош мамлекеттик университетинин алдына топтолуп, 12-ноябрда жүрөк оорусунан улам каза болгон студенттин сөөгүн мекенине жөнөтүүнү эртелетүү талабын да коюшкан. Алардын айтымында, Индия элчилиги сөөктү алып кетүүнү кечиктирген. Студенттер колдоруна күйгүзүлгөн шам көтөрүп, өздөрүнүн диний жөрөлгөсүн жасашкан. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бүгүн кечки саат 20:00 чамасында маркумдун сөөгү мекенине жөнөтүлөт", - деди Нуралиева.
Маалыматка ылайык, топтолгон чет элдик студенттер менен ректор Каныбек Исаков жолугуп, тынчтандырууга жана жардамын берүүгө аракет кыларын билдирген. Белгилүү болгондой, Ош шаарында индиялык студенттердин көпчүлүгү ОшМУнун медицина тармагында билим алышат.