Австриялык иммунолог Карл Ландштейнер Вена шаарындагы Патология институтунда иштеп жүрүп, 1901-жылы 14-ноябрда өзүнүн жана башка 5 кесиптешинин канын алып, кандын суюктугу менен эритроциттерин аралаштырган. Жыйынтыгында адамдын каны A, B, O деген 3 топко бөлүнөрүн аныктаган. Бул ачылыш бир адамдын канын башка адамга куюунун принциптерин иштеп чыгууга жол ачкан. Ал эми 1903-жылы К.Ландштейнердин окуучулары Адриано Штурли жана Альфред фон Декастелло кандын төртүнчү - AB тобун ачышкан. К.Ландштейнер жасаган ачылышы үчүн 1930-жылы "Нобель" сыйлыгын алган.