Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгынан кетти

Парламенттик "Бир бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда аталган комитеттин жыйынында ал өзү билдирди.

Анын айтымында, ал ушул комитеттин мүчөсү болуп калат. "Бир жыл чогуу иштедик, бир топ маселелерди карадык. Бири-бирибизди күнөөлөбөй ишти алып бардык", - деп Шадиев комитеттин мүчөлөрүнө кайрылып, аларга ыраазычылыгын билдирди.

Айта кетсек, буга чейин "Бир бол" фракциясы парламенттик оппозицияда болгонуна байланыштуу Бюджет жана финансы комитетин жетектөөнү алган. Ал эми учурда "Бир бол" башкаруучу коалицияда. Коалициялык азчылыкка "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан