Нарын облусунда күйөөсү менен аялы бычакташып, оор жаракаттан улам күйөөсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрда саат 18:30 чамасында Жалгыз-Терек айылындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 40 жаштагы С.А. аттуу жаран менен 39 жаштагы А.И. аттуу аялынын ортосунда уруш чыгып, С.А. аялын ур-токмокко алып, ашкана бычагы менен оң колунун чыканагына сайып жиберген. Кийин аялы столдун үстүндө турган бычак менен күйөөсүн көкүрөккө сайган. Натыйжада 1976-жылы туулган С.А. окуя болгон жерден каза болгон.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-баллистикалык, соттук-криминалистикалык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.