Келерки президент ким болот? Алдыда Мырзакматов, Мадумаров, Жалилов, Бабанов, Текебаев

SUPER.KG порталында 2 айга чукул убакыттан бери “Жакында президенттик шайлоо өтө турган болсо, кимге добуш бермексиз?” деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүлүүдө.

Сурамжылоонун 31-октябрдан 14-ноябрга чейинки айлампасы көрсөткөндөй, алдынкы бештикте ишенимдүү түрдө Мелис Мырзакматов, Адахан Мадумаров, Чубак Жалилов, Өмүрбек Бабанов жана Өмүрбек Текебаев келе жатат. Бирок буга чейинки шайлоо кампаниясы көрсөткөндөй, Мелис Мырзакматовду азыркы бийлик келерки шайлоого катыштырбасы анык.

"Учурдагы президент кайра шайлоого барчу болсо..." деген ойдо эки суроо коюлган, Атамбаев менен жана Атамбаевсиз. Президенттин алдынкы бештикке илинбегенин ажого ишеним төмөндөп кеткенинин же добуш бергендердин Конституциянын бузулушун каалабагандыгынын белгиси катары түшүнсө болот.

Ошондой эле буга чейинки айлампалар көрсөткөндөй, президенттикке талапкер болушу мүмкүн деп айтылып жүргөн саясатчылар Равшан Жээнбеков, Сооронбай Жээнбеков жана Канатбек Исаев 1 пайыздын тегерегинде гана добуштарга ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан