Индиянын алгачкы премьер-министри Жавахарлал Неру 1889-жылы 14-ноябрда Индиянын Аллахабад шаарында партиялык кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жавахарлал деген ат "кымбат баалуу рубин" дегенди түшүндүрөт.
Бала чагында Харроу шаарындагы англиялык мектепте окуп, кийин Кембриж университетинде юридикалык билим алган. Англияда окуусун бүтүргөн соң мекени Индияга кайтып келип, атасынын адвокаттык кеңсесинде иштей баштаган. Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшө баштайт. Неру түрмөгө камалып, жалпысынан абакта 10 жылдан ашуун убактысын өткөргөн. 1927-жылы ал Индия улуттук конгрессинин төрагасы болот. 1946-жылы Индиянын Убактылуу өкмөтүнүн вице-премьери, ал эми 1949-жылы өлкө көз карандысыздыкты алган соң Индиянын премьер-министри болуп шайланган. Неру премьер-министр болуп иштеп турганда мамлекеттин экономикалык секторун бекемдеп, курал-жарактар жана энергетика тармагында мамлекеттин монополиясын түзгөн. Ал эми тышкы саясатта нейтралдуулук принцибин карманган. Неру 1964-жылы 27-майда Дели шаарында көз жумган.
14-ноябрга карата жылнаама.