Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин төрагалыгынан кетти

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда аталган комитеттин отурумунда ал өзү билдирди.

Анын айтымында, "Ата Мекендин" башкаруучу коалициядан чыкканына байланыштуу, мыйзамга ылайык, оппозициялык фракциянын өкүлү коалицияга таандык комитеттин төрагалыгын бошотуп бериши керек. "Комитет өз ишин уланта берет. Чогуу, ынтымактуу иштешкенибиз үчүн ыраазычылыгымды билдирем", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан