2013-жылдын декабрь айында Токмок шаарында адам өлтүрүү фактысы катталган. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Бермет (аты өзгөртүлдү) жана 28 жаштагы Акылбек кармалган. Чүй облустук соту экөөнү тең бул кылмышка күнөөлүү деп таап, Акылбекти 14 жылга, ал эми Берметти “адам өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал башынан өткөн тагдырын SUPER.KG порталына баяндап берди.
Анын айтымында, 2010-жылдын ноябрь айында жолдошу каза болуп калган. Кийин алар жашаган үйдү кайнагасы талашып, алып койгон. Мындан улам ал кичинекей 3 баласы жана боюндагы кызы менен батирге чыгууга аргасыз болгон. Батирде жашап, иштеп жүргөн учурда Акылбек деген жигит менен таанышкан. Ал баш кошуп алуу сунушун киргизип жүрчү.
- Саламатсызбы! Окуя кандайча болду эле?
- 2013-жылдын 17-декабры болчу. Анда курбум дүкөн ачып, ага Акылбек жана кичүү кызым үчөөбүз барганбыз. Үйгө кеч кайттык. Акылбек тамеки алганы сыртка чыгып, бир байкени ээрчитип келди. “Үшүп калыптыр, жылынып алсынчы” дегенинен макул болгом. Экөө отуруп арак ичишти, мен жатып алгам. Анан экөөнүн ортосунда уруш чыгып, мушташа кетишти. Ажыратканга болбой тышка кубалашып кетишкен. Ал жакта эмне болгонун билбейм. Эртеси милициялар келип, бизди кармап кетишти.
- Соттор кандай чечим чыгарышты?
- Сот иштери аягына чыккыча бир жыл СИЗОдо отурдум. Алгач Токмок шаардык соту “кылмышты жашыруу” боюнча 4 жыл берди. 2014-жылкы мунапыстын негизинде жазамды толук өтөп чыккам. Бошоп чыккандан кийин кошунама турмушка чыгып, андан кош бойлуу болуп калган маалым болчу. Жабырлануучу тарап шаардык соттун чечимине макул болбой, облустук сотко кайрылды. Чүй облустук соту болсо беренени алмаштырып, “адам өлтүрүүгө катышы бар” деген кине менен 12 жылга кести. Ошол учурда эмне болуп кеткенин өзүм деле түшүнбөй калдым. Жаңы эле көз жарып, кызыма 40 күн толо элек болчу. Аны өзүм менен кошо абакка алып кетүүгө уруксат беришкен жок. Натыйжада 2007, 2009-жылы туулган эки баламды, 2011-жылкы кызымды жана жаңы төрөлгөн кызымды да балдар үйүнө алып кетишти. Ал эми улуу кызым бир тууган эжемдин колунда калды.
- Балдарыңыз менен жолугушуп турасызбы?
- Балдарымды 1 жыл 4 ай коргон жокмун. Аларды мага алып келгенге эч ким жок болуп жатты. Эл аралык уюм 2-ноябрь күнү 2011-жылы туулган кызымды жана 2007-жылы туулган баламды алып келишти. Балам “апа, сизди тордо отурат деп ойлогом” десе жаман болуп кеттим. Ал эми кызым тааныбай калыптыр. Кетерде балам “чогуу кетеличи” деп ыйлады. “Кичине чыдай тургула” дегенден башка эч нерсе дей алган жокмун. Жаңы төрөгөн кызымды элестете албай калгам. Анын сүрөтүн алып келишкенде атасына окшош экенин байкадым. Экинчи жолдошум мени камагандан кийин өзүн таштап, ичип кетти. Аны менен азыр байланышым жок.
- Балдарыңызды балдар үйүнө бербей, туугандарыңыз багып турса болбойт беле?
- Эжем "улуу кызыңды карап берейин, калганын карай албайм" деп ачык эле айтты. Кайнагама "эки баламды чоңойтуп бериңиз" десем, "балдарыңдан баш тарт" деди. Өз канымдан жаралган баладан кантип баш тартмак элем? Ага “андан көрө балдар үйүндө болуп турганы жакшы” дегем. Качан чыгам, качан алар менен бирге болом билбейм...
“Экөө мушташып жатканда милиция чакырбаганым эле болбосо, эч кандай күнөөм жок” деген каарманыбыз тиешелүү тараптардан акыйкаттык издейт. Ошондой эле ал тажрыйбалуу жактоочу таап, Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.