Карышкыр тууралуу "Карышкыр арстан менен жолборстон алсыз болушу мүмкүн, бирок аларга окшоп эл алдына чыгып циркте ойнобойт" деген кептер айтылып келет. Бул анын эркиндикти сүйгөндүгү, кимдир бирөөгө баш ийбестиги менен түшүндүрүлүп келген. Бирок карышкырды да колго үйрөтүп, бакса болорун Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын 24 жаштагы тургуну Арстанбек Артыков SUPER.KG порталына айтып берди. Арстанбек 2 жылдан бери жогоруда аталган жаныбарларды бөлтүрүк кезинен багып, жакында эле сатып жибергенин айтат.
- Арстанбек, айтсаңыз, карышкырларды качантан бери колго үйрөтүп, багып келесиз?
- Өзүм аңчылыкка кызыгам. Бир күнү аңчылыкта жүрүп карышкыр байырлаган жерди көрүп калдык. Барсак 4 бөлтүрүк бар экен. Таанышым экөөбүз экиден бөлүп алдык. Мен экөөнү багып жаткам, бирөөсүн мурун эле сатып жиберген элем, экинчисин кечээ кечинде тажикстандык улакчылар келип, сатып алып кетишти. Улак тартыш оюнунда байгеге коюшат экен. Анын байгеге коюлганынын өзгөчөлүгү - эч жерде жок нерсе болгондугу. Тирүү карышкыр кымбат турат. Баасы 1000 доллардан 2000 долларга чейин. 2014-жылдан бери кызыгып, карышкырларды багып келем.
- Кандай азыктар менен тамактандырасыз, адамга кол салышы мүмкүнбү?
- Кичине кезинен тордо багылгандыктан колго үйрөнүп калат. Ээсинен жатыркабайт, чоочун бирөөлөрдөн жатыркашы мүмкүн. Байлабай эркин кармаса деле болсо керек, бирок мен анткен жокмун. Короодо жаш балдар, коңшулар бар дегендей. Кичинекей күчүктү жанына кошуп койсом жүрө берчү. Чоң иттер андан коркуп, жанына жолошчу эмес.
Кадимки байланган иттей кылып бага берсе болот, эркиндикти деле самабайт. Коңшубуз касапчы болуп иштейт, ошондон эт алып келип беребиз. Тамак-аш жок бир жумага чейин чыдай берет, булар абдан чыдамкай болушат. Ачка болгон учурда адамга кол салбайт.
- Карышкырды сатып алууга кызыккандар көппү?
- Ит уруштуруп жүргөндөр карышкырды иттер менен уруштуруп көрүү үчүн сатып алууга кызыгып жүрүштү. Сатып алса, карышкырды иттерге салып кыйнап салат деп берген жокмун. Аргындаштырып көрөлү дегендер да болду, бирок билбейм, аргындашпаса керек. Ошон үчүн байгеге коёбуз дегенинен эки карышкырды тең тажикстандыктарга сатып жибердим.
- Нарында карышкырды атканга сыйлык берилет. А сиздер багып, сатат экенсиздер...
- Ооба, биз деле талаадан көрүп калсак, атып салабыз. Себеби эркин жүргөн карышкырлар адамга кол салышат. Бизде Нарындагыдай көп эмес, бирок бар. Бул жакта да аткандарга 6 миң сом сыйлык берилет. Ал эми бөлтүрүктөрүн көрүп калсак, алып багып алабыз. Учурда карышкырларымдын баарын сатып жибердим, азырынча аларды бакканга убакыт жок.