Транспорт жана коммуникация министринин мурунку орун басарына кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан мурунку Транспорт жана коммуникация министринин мурунку орун басары М.Эге жана айрым кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (мамлекетти чыгымга учураткан келишимди түзүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.

"2015-жылы 22-июлда Транспорт жана коммуникация министрлиги К.А. аттуу жеке ишкер менен Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу менен, сынак өткөрбөй, бааларга мониторинг жүргүзбөстөн программалык камсыздоону иштеп чыгуу келишимин түзгөн. Бул келишимге ылайык, ишкердин эсептик номерине 1 миллион 585 миң сом өлчөмдөгү бюджеттик каражат которулган. Ошол эле маалда мындай кызматтарды көрсөткөн башка компаниялар бул жумушту 300 миң сомго аткарарын билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан