Бишкекте 14-ноябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдумга даярдык көрүү иштерин, шайлоо комиссияларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин талкуулашты. Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштеп жатканын айткан Шайлдабекова шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси 2016-жылдын 26-ноябрына чейин уланарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум 2016-жылдын 11-декабрында өтөт.