Кечээ, 14-ноябрда Айдын укмуштуудай толуп турган көрүнүшү катталды. Акыркы жолу мындай өзгөчө көрүнүш 1948-жылы 26-январда болгон, кийинкиси 2034-жылы кайталанышы мүмкүн.
Бул күнү Ай мурункуга салыштырмалуу жашоочуларга 14 пайызга чоң жана 30 пайызга жарыгыраак көрүнгөн. Жогорудагы сүрөттөрдөн дүйнөнүн ар кайсы жеринен Айдын толуп турганы кандайча көрүнгөнүн байкоого болот.
Белгилей кетсек, ноябрь, декабрь айларында Ай Жер менен жакын болуунун жогорку чегине жетип, бул айларда Айдын толгону байкоочуларга өзгөчө чоң жана жарык болуп көрүнөт.