Эртең, 16-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу-канал" ишканасына шилтеме берүү менен Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта К.Акиев, М.Күрөңкеев, П.Логвиненко көчөлөрү, Чүй кең көчөсү, И.Панфилов, Жибек-Жолу, Ж.Абдрахманов жана Т.Абдумомунов көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда таза суу болбойт.
"Бишкек суу-канал" келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза сууну камдап алууну сунуштайт.