Алмазбек Атамбаев Коррупцияга каршы кызматтын башчысына тапшырма берди

Президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды.

Мамлекет башчы мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде коррупцияга каршы күрөшүү ишин жандандыруу жана күчөтүү зарылдыгын белгилеп, аталган көйгөй менен күрөшүүдө Коррупцияга каршы кызматтын алдында маанилүү милдеттер турганын айтты. Аталган орган коомчулук менен иштөөнү күчөтүп, коррупцияга каршы турууда жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүшү керектиги айтылганын кабарлашты президенттик аппараттан.

Белгилей кетсек, президент 14-ноябрда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, жолугушууда "Мегаком" жаңжалы боюнча "Ата Мекендин" 3 депутатынын аты аталган "жаңы маалыматтар" коомчулукка жарыяланган. Атамбаев ушул эле күнү башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, "Мегаком" боюнча жаңы маалыматтарды текшерүү тапшырмасын берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан