Кытайга кире албай жатышкан оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына митингдин күбөсү билдирди.
“Айдоочулар бүгүн эртең менен митингге чыгышты. Алар Бишкектеги Кытай элчилигинин виза ачып бербей жатканына нааразы болушууда. Бир канчадан бери жумушсуз отурушканын да айтышты. Учурда алар Алматы көчөсү менен айланып өтүүчү жолдун кесилиши жакта турушат”, - деди митингдин күбөсү.