Кыргыз Республикасында 61 айыл жана 8 аймак өзгөчө макамга ээ. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, өкмөт өлкөнүн өзгөчө макамы бар аймактардын тизмесин 2012-жылы июнь айында бекиткен. "Ушул тизмеге 61 айыл, 8 аймак киргизилген. Облустар боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй: Баткен облусунда 46 айыл жана 5 аймак, Жалал-Абад облусу боюнча 10 айыл жана 2 аймак, Ош облусу боюнча 1 айыл, Ысык-Көл облусунда 4 айыл, Нарын облусунда 1 аймак", - деди биринчи вице-премьер-министр.
Айта кетсек, өзгөчө макамга ээ болгон айылдын же аймактын тургундары айрым салыктардан бошотулушат.