Асылбек Жээнбеков саясат таануучулар жана эксперттер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 19-апрелде саясат таануучулар жана эксперттер менен жолугушту. Алар: Табылды Акеров, Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаев, Токтогул Какчекеев жана Александр Князев. Жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, парламенттик системди өнүктүрүү, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана анын бийликтин башка бутактары менен кызматташуусу, тил маселеси боюнча сүйлөшүү болду.Төрага саясат таануучулар менен эксперттер коомдук пикирди жаратарын баса белгилеп, алардын парламенттин ишмердүүлүгүнө жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу сунуштарын угууга даяр экендигин билдирди. Жогоруда айтылган маселелер боюнча ар кандай көз караштарын билдирген эксперттер негизинен парламенттик системди колдоорун айтышты. Алар бүгүнкү күндө парламент өзүн бийликтин туруктуу бутагы катары көрсөтө алгандыгын баса белгилешти. Ошондой эле өлкөдө мыйзам чыгаруу процесси өнүгүп жаткандыгын билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан