SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Талгак убагындагы кызыктар" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мен жаңыдан боюмда болгон кезде түнкү саат 11лер чамасында шоколад жегим келип, жолдошумду уктап жаткан жеринен ойготуп, шоколад алып келдиргем. Шоколадды көргөндөн кийин жегим келбей калган".
"Боюнда болгондо түшүнүксүз, кызыктай эле абал болот. Бирөө эмнени жеп жатса, ошону жегим келген. Каалаганымды жемейинче түшүмө кирет, ит талгак деп коюшабы? Бирок антип деле кууп жебейм, оюмда жүрө берет, анан сатып алып жейм. Мен каалаган тамактарды кызганып, аз жеп калсам ыйлаган да күндөрүм болду".
"Бир күнү түшүмө кулпунай кирди. Азыр терип жейм дегенче, кошуна аял терип кетсе болобу. Ошол күнү түштөн кийин кулпунай тополоңу башталган. Күйөөм кышында кулпунайды супермаркеттерден издеп жүрүп, бир банка кыямын таап келген. А мен бир кашык жегенден кийин жегим келбей калган. Жолдошум менин кылыгыма ачууланып, өзү жеп алган".
"Эжекелерден угуп калганым боюнча, алар көбүнчө түндө талгак болушат. Ар кайсы нерселерди жейбиз деп жолдошторунун тынчын алышат экен. Кайсы бир нерсени жегиси келген аялдын каалоосун аткарыш керек. Бир эжем кара кофеге талгак болуп, сүт, кант кошпой ичкенде биз таң калып эле отуруп калчубуз".
"Менин келинчегимдин боюна болду, балээге калдың дей бер. Кусуп эле жүрө берет. "Ачуу жейм, бозо ичем, шишкебек, колбаса жейм" деп эле жүрөт. Кыздарымды боюнда көтөрүп жүргөн кезинде сары майды көрсө кускусу келе берчү. Ал эми балдарымда болсо "сары май жейм" деп калчу".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.