"Эгер карыз албасак, ири долбоорлорду ишке ашыра албай калабыз" дейт министр

"Эгер карыз албасак, ири долбоорлорду ишке ашыра албай калабыз", - деп бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, өлкө энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө жана жолдорду курууга насыяларды алгандыктан, мамлекеттик карыздын көлөмү өсөт.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы учурда 4 миллиард 75 миллион долларга жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
yrysbek
2016-11-15 13:59:53
"Эгер карыз албасак, ири долбоорлорду ишке ашыра албай калабыз" бул айтканыныз туура эмес жолдош министр Адылбек Касымалиев. Долбоор ишке ашпай калса калсын карызга акча албан и карызга акча алып мен ушул ишти бутурдум деген бул уят уятынар барбы силердин. Буга чейин Олконун карызы канча экенин Сиз озу билесизби? айтып бере аласызбы ЦИФРА менен, БИЛБЕЙСИЗ. Уят-уят.
+13
Medina87
2016-11-15 14:12:39
Карыз алганча аттуу баштуу озубуздун чондор биригип акча жыйнашсын!!!
Деги ар олкодон карыз алып оз олкобузду карызга батыргандан деле уялбайт экенсинер бетинерди тамдай кылып. Же бир жумуш ордуларын ачып чет жактагы мигранттарыбызды кайтарууну билбейсинер. Карыз алганынарда ошол карыздын учтон экиси силердин чонтогунорду кампайтаарын гана ойлойсунар!!
+9
bom.bon
2016-11-15 14:17:34
Карыз качан берет экенбиз а бизда башка Мамлекетке.Алып алып кантип толошту ойлошпойт жегичтер.
+4
Targarien
2016-11-15 14:17:47
Кыргыз элин карызга батырып эл чогулткан салыкты жеп жата бергиле ХХХ силерде намыс деген жок
+5
admin_portal
2016-11-15 14:43:28
Targarien, этика нормаларын сактаңыз!
-3
azamat.k
2016-11-15 15:14:34
Кечээ сонку кабарда Белоруссиядакы Бакиевдин карыз алып, чон долбоорду баштаарын окуп алып ошондой кылалы деп жатасынарбы карыз акча алып?Менин билишимче эгемен олко болгондон бери эле карыз аласынар,бир иш бутургонунорду коро элекмин.Бизде Кыргызстанда онокот болуп калган да, чон иш баштаарда чон суммада карыз акча алат,анан ошол миллиондорду болуп талап жейсинер,жыйынтыгында иш бутбой калат.4$млрд акчаны ким толойт эми.?
+2
tynkatar03
2016-11-15 15:44:46
Бир жолу ушундай ситуацияга мен да туш болгом бир тааныш брат тамдын устун жаап алайын срочно акча керек деп карыз алган.Салган тамынан дайын жок же акчаны кайрып берген жок))
+2
maks83
2016-11-15 15:49:34
карыз алып эле жатасынар кантип толойбуз.
+4
Tansuluu09
2016-11-15 16:12:42
Кайсы мамлекет экен бизге карыз бере Берген.. Кийин кантип? эмнени сатып кайтарыз акчаларын?
Кандай долбоор экен ал..
Ал акчаны да жарымын чонтоко уруп, жарымын сапатсыз нерселерге коротосунарда болгону...
Окунучтусу карызыбыз кудон кунго эле кобойуп кетип жатат. Же бир пайдалуу нерсе козубузго корунсо кана.
+4
kaducha-luk
2016-11-15 16:33:08
Карыз албасак уй салып жан багалбай калат бийлик деп ачык эле айтпаптыр да бул министир. ХХХ карызды толош керек деп айтуунун ордуна ииий ХХХ
+3
admin_portal
2016-11-15 17:36:36
kaducha-luk, этика нормаларын сактаңыз!
0
nemo2016
2016-11-15 17:07:08
Мурда карыз алып кыйратпаган эми эмне кыйратмакчысынар.жон ачык ачык айтсанар рефоманы озгортконго акча керек деп
+2
880909
2016-11-15 17:13:09
азыр бизге эн коп карыз берген кытайлар экен, алар жон эле бере бербейт алгандын бергени бар, бизден кийинки муунга толотот же жерибизди алып койот
+2
Aytur
2016-11-15 17:43:22
Бети жоктор уялбай карыз албасак деп коёт ошончо карызды алып кайсы долбоорду ишке ашырып кыйраттынар!!!4миллиард 75миллион кайсы долбоорду кыйратты я!!!
+2
Santanna
2016-11-15 18:29:36
Олкого татыктуу АЖО келмейинче бул корунущ Жок болбойт Акаев Бакиевди каралашты жакшы билип жатышат,Акаев мн Бакиевдин заманыда карыз жокко эссе эле а азыркы заманчы карызга башыбыз мн кирип кеттик...
+2
anonymous
2016-11-15 19:58:05
Карыз албасак жей албай калабыз десе болмок
+2
zarlyk2211
2016-11-16 03:26:26
Урматтуу министирлер азда болсо элди, келечек муунду ойлогулачы. Байлык, бийлик десе жата калбай. Жылдан жылга карызыбыз өсүп эле баратат. Алгандын бергени бар. Карыз алганды ойлобой, карызды кантип төлөштү ойлонгулачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан