«Шаар проблемаларына чыныгы чечимдер»: СДПК Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо өз платформасын тартуулады

14-ноябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында СДПКнын 27-чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу платформасынын бет ачары өттү. Шаарды өнүктүрүүнүн, борбордун маселелерин чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн партия социалдык демократиядан көрүп турганын билдирди.

Иш-чарада 26-чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешиндеги СДПКнын ишинин негизги жыйынтыктары жарыяланды. Кеңеште социал-демократтар 45 мандаттын 21ине ээ болуу менен бардык токтомдорду кабыл алууга активдүү катышты. Фракция башка партиялар менен конструктивдүү мамилелерди түзүү аркылуу туруктуу көпчүлүк коалицияны курап, аткаруу бийлиги менен иштиктүү алакаларды түздү.

Бирок шаарда көйгөйлөр али да көп. Шаар калкынын жана автотранспорттун дүркүрөп өсүшү экологиянын жабыр тартышын, жолдордо тыгындарды, социалдык объекттердин (мектептердин, бала бакчалардын ж.б.) тартыштыгын жаратты. Бул маселелерди чечүүгө СДПКнын күчү жетет – аларды «акылдуу шаар» маалымат технологияларынын негизинде комплекстүү чечүү мүмкүн. Бул тууралуу СДПКнын «Бишкек шаарынын проблемаларына чыныгы чечимдер» платформасында кеңири айтылды.

«Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн каражаттар көбүнчө жаңы технологияларды киргизүү аркылуу үнөмдөө эсебинен жыйналат. Андан тышкары бюджетти толтуруу үчүн муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу керек.

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов соңку алты жылда шаар бир катар этаптарды басып өткөнүн катышуучулардын эсине салды. Биринчи жылдары кырдаалды турукташтырып, баш аламандыктан сактап калуу керек болду. Эми алдыга чечкиндүү кадам таштоо кези келди.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина партиялаштарын каршылаштардын чабуулунан коркпоого чакырды. Анын оюнча, бул партия иштеп жана ийгиликтерге жетип жаткандыгынын күбөсү.

СДПКнын талапкерлер тизмесинде биринчи турган Алмаз Кененбаев мындай ойдо: «Биздин партия бийликтин бардык деңгээлинде – өкмөт менен Жогорку Кеңештен тарта жергиликтүү өз алдынча башкарууда кеңири өкүлчүлүккө ээ. Бийликтин бардык органдарында, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешинде биздин бай башкаруу тажрыйбабыз бар. Бул ресурсубузду борборду өнүктүрүүгө жумшай алабыз. Бишкекти өнүктүрүүнүн чыныгы программасын иштеп чыктык. Анда курулай ураан жок. Бул программа сөз жок аткарылат жана Бишкек чындап жаңыланат. Кайталангыс келбет-жүзүн сактап калуу менен баш калаа иштөөгө, эс алууга жана жашоого жайлуу болууга тийиш! Шайлоодо биз БШКдагы мандаттардын теңинен кем эмесин алуу максатын койдук. Бул аткарыла турган милдет жана аны шаардыктар менен биргеликте иш жүзүнө ашыра аларыбызды далилдейбиз! Максатыбыз – социалдык демократия!»

Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 15-ноябрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан