Өлкөдө жарандар жаратылышка жыл сайын 6 миллион сомго жакын чыгым келтиришет. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда SUPER.KG порталына Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов билдирди.
"Өлкө боюнча штаттык кызматкерлер аз болгондон улам аңчылык жана жаныбарларды коргоо боюнча атайын адистер аймактарды кароого жетишпей жатышат. Бүгүнкү күндө 63 жумушчу (егерь) иштеп жатат. Алар 7 миллион гектар жерди карашат. Ошол эле учурда 2016-жылдын 9 айында 400гө жакын протколдор түзүлдү. Буга чейин жыл сайын 700гө жакын протокол толтурулуп, кармалгандарга 6 миллион сомдой айып жазылып келген", - деп билдирди Турдуматов.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинде 20 миң мергенчи каттоодо турат.