Бишкекте 15 кичи автобус маршруттук каттамдан чыгарылды
Бишкекте техникалык абалы начар жүргүнчү ташуучу кичи автобустарды каттамдан четтетүү иштери улантылып жатат. 15-18-апрель күндөрү техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 15 кичи автобус жүргүнчү ташуу укугунан ажыратылды. Бул иштер мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, иш-чарада кичи автобустардын абалы гана эмес, айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты да текшерилип жатат. Мэрия билдиргендей, мындай чара көрүүлөр мындан ары да жүргүзүлүп турат.