2016-жылга карата 357 карышкыр, 25 бөлтүрүк жана 928 чөө жок кылынган. Карышкыр аткан ар бир жаранга 6 миӊ сомдон сыйлык берилет. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда SUPER.KG порталына Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов билдирди.
Талант Турдуматов карышкырларды атуу, сыйлык берүү тууралуу буларга токтолду: "Карышкырларды өз алдынча багууга уруксат жок, кармап алса атайын жайларга өткөрүшү зарыл. Ал эми сыйлык берүү боюнча айтсак, бир карышкырды аткан адамга 6 миӊ сом, чөөгө 2 миӊ сом, ал эми бөлтүрүктөрүнө 1,5 миӊ сом берилет. Мурун жарандар өкмөткө жаныбарлардын терисин тапшырып, сыйлыгын алып кетишчү. Азыр терилери ээлерине кайтарылып берилет. Биз тизме түзүп, кайра эле ошол терини алып келбегидей кылып белги коюп, кайтарып беребиз. Аны бирөөгө белек кылып береби, иштетеби, өзү билет, бул анын кирешеси катары эсептелип калат".
Белгилей кетсек, буга чейин Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын 24 жаштагы тургуну Арстанбек Артыков карышкыр багып келгени маалымдалган эле.